Жакындарыңыздын Visa картасына чет өлкөгө акча которуу
Бул кандай кызмат?
Visa карталарына тез акча которуу кызматы заматта акча которууга жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет
Кантип колдонуу керек?
1-кадам: Картанын 16 санын билиңиз
Картага акча которуу үчүн болгону ушул кадамды аткаруу жетиштүү. Номерди жакындарыңыз жана досторуңуз менен ойлонбой бөлүшсөңүз болот – бул коопсуз.
! Акча которуу үчүн картанын номерин бөлүшүп жатканда эч качан PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, CVV2-кодду жакындан тааныган адамдарыңызга да айтпаңыз.
2-кадам: Акча которуу ыкмасын тандаңыз
Visa карталарга тез акча которуу кызматынан пайдалануунун көптөгөн жолдору бар.
3-кадам: Акча которууну жүргүзүңүз
Акча картага дээрлик заматта түшөт.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк банктар Visa төлөм тутумунун ичинде акчаны дээрлик заматта которууга мүмкүндүк берет. Эгер акчанын тез келиши сиз үчүн маанилүү болсо жана Visa карталарга тез акча которуу кызматы менен жөнөтө турган болсоңуз, банкыңыздан акчанын канчалык тез келерин тактап алыңыз.
Жалпы суроолор
-
Карталарга тез акча которуу – бул кызматтарды, насыяларды оңой жана тез төлөөгө жана Visa карта ээлери кайда болбосун, акча которууга жардам берген кызмат. Акча которуу үчүн алуучунун Visa картасынын 16 сандуу номерин билүү жетиштүү. Сиз акчаны банкомат, мобилдик телефон менен, Интернет же терминал аркылуу жиберсеңиз болот.
-
Банктар акча которуу комиссиясын өздөрү каалагандай белгилешет. Комиссиялар жөнүндө толук маалыматты банктын сайтындагы жеке кабинеттен издеңиз.
-
Кызматты колдонуу шарттарында белгилендей, транзакция 30 мүнөттөн ашык убакытты талап кылбайт, бирок акча көбүнчө алуучунун эсебине бир нече секундда түшөт.
-
Акчаны каалаган валютада которууга болот. Visa картага акча которууда сумма автоматтык түрдө сиз которуп жаткан картанын валютасында эсепке келип түшөт.
-
Visa карталарга тез акча которуу кызматы дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүндө жеткиликтүү. Кайсы өлкөдө болбоңуз, каалаган өлкөгө акча которо аласыз*.
* Чектөөлөр бар. Сураныч, маалыматты банктан тактап алыңыз.
-
Эгерде сиздин банкыңыз Visa карталарга тез акча которуу кызматын көрсөтсө, анда сиз башка Visa карта ээлерине, алардын карталары кайсы банкта берилгенине карабастан, эркин акча которсоңуз болот.
-
Банкыңыз азырынча бул кызматты колдобошу мүмкүн. Башка банктардын кардарларына акча которууга болобу же сайтына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө үлгүрө элекпи? Маалыматты «акча которуулар» менюсунан текшерип көрүңүз. Ошондой эле, сиз өзүңүздүн Visa картаңыздан ушул кызматты көрсөткөн башка банктар аркылуу акча которсоңуз болот.
-
Visa карталарга тез акча которуу кызматы сизге Visa картадан Visa картага гана акча которууга мүмкүндүк берет. Айрым банктар ар кандай төлөм тутумдарынын карталарынын ортосунда акча которуу кызматын көрсөтүшөт. Толук маалыматты банкыңыздын сайтынан таба аласыз.
-
Ар бир конкреттүү учурда комиссиянын өлчөмүн акча которуу кызматын көрсөткөн банк белгилейт. Комиссия тууралуу толук маалыматты банкыңыздын сайтынан таба аласыз.
-
Бул маалыматты банкыңыздын сайтынан издөө керек.
-
Visa карталарга тез акча которуу кызматынан он-лайн же жакынкы төлөм терминалы аркылуу пайдаланыңыз.
-
Картадан сумманы эсептен чыгарууга чейин сизден которуунун тууралыгын тастыктоо суралат. Тастыкталмайынча эсептен чыгаруу мүмкүн эмес.
-
Акча которуунун абалын билүү үчүн Visa карталарга тез акча которуу кызматын көрсөткөн операторго кайрылыңыз.
-
Акча которуу үчүн алуучунун Visa картасынын 16 сандуу номерин билүү жетиштүү.
-
Visa картаны алуу үчүн банктын каалаган бөлүмүнө тиешелүү арызды беришиңиз керек жана өздүгүңүздү тастыктаган документ жаныңызда болсун.
Коопсуздук
-
Visa картаңыздагы бардык операцияларды ишенимдүү коргоону камсыз кылат, алдамчылыкка жол бербөө үчүн берилип жаткан маалыматты ар убак көзөмөлдөйт жана шифрлейт.
-
Visa картаңыздын номерин Visa карталарга тез акча которуу кызматы аркылуу акча которууда бөлүшүү толугу менен коопсуз. Бирок, эч кандай шартта, картаңыздын башка маалыматтарын бөлүшпөңүз, мисалы: PIN-кодду жана CVV/CVC2, анткени бул маалыматтар сиздин жеке эсебиңизге кирүүгө жетки берип, акчаны чыгарып алууга же которууга мүмкүндүк берет.
-
Эч качан жана эч кимге Visa картаңыздын PIN-кодун жана CVV/CVC2син айтпаңыз, анткени бул маалыматтар сиздин жеке эсебиңизге кирүүгө жетки берип, акчаны чыгарып алууга же которууга мүмкүндүк берет.
-
Эгерде сиз карта номеринин 16 санын терип жатып кокусунан ката кетирген болсоңуз, анда акча которулбайт, анткени мындай номердеги карта жок. Ар бир картанын номери катаны аныктоого жардам берген кошумча санды камтыйт.
-
Эгер сиз Visa картасынан акча которуп жатсаңыз, анда PIN-кодду сумма эсептен чыгарылганга чейин киргизишиңиз керек. Интернет-банк аркылуу которууда VbV сырсөзүн же интернет-банктын логини менен сырсөзүн теришиңиз керек.
Которуу ыкмалары
-
- Банкоматтын менюсуна кириңиз.
- «Visa картага акча которуу» кызматын тандаңыз.
- Картаны салып, PIN-кодду териңиз.
- Алуучунун карта номерин киргизиңиз.
- Visa картаңыздан жөнөткүңүз келген сумманы киргизиңиз.
- Алуучунун Visa картасынын номерин, которуу суммасын, комиссиянын өлчөмүн текшерип, которууну ырастаңыз.
Эгерде банкоматта купюра кабыл алгыч болсо, картага накталай акча которууга болот:
- Банкоматтын менюсуна кириңиз.
- «Visa картага акча которуу» кызматын тандаңыз.
- Алуучунун карта номерин киргизиңиз. Купюраларды купюра кабыл алгычка салыңыз.
- Алуучунун Visa картасынын номерин, которуу суммасын, комиссиянын өлчөмүн текшерип, которууну ырастаңыз.
-
- Visa карталарга тез акча которуу кызматын сунуштаган соода түйүнүн тандаңыз.
- Кассирге Visa карталарга тез акча которуу кызматынан пайдалангыңыз келгенин билдириңиз.
- Кассирге алуучунун Visa картасынын номерин айтыңыз.
- Кассирге атын жана дарегин бериңиз (КМШ жана башка өлкөлөргө которуулар үчүн).
- Кассир алуучунун карта номерин туура киргизгендигин текшерип, комиссиянын өлчөмүн тактаңыз.
- Кассирге которуу үчүн сумманы бериңиз.
Алуучунын Visa картасына акча которуу үчүн бир нече секунддан тартып 2 банк күнүнө чейинки убакыт талап кылынат
-
- Телефонуңуздан банктын колдонмосун же «Электрондук капчыкты» ачыңыз.
- Visa карталарга тез акча которуу кызматын тандаңыз.
- Каражат булагын тандаңыз.
- Алуучунун Visa картасынын номерин киргизиңиз. Которгуңуз келген сумманы киргизиңиз.
- Алуучунун Visa картасынын номерин, которуу суммасын, комиссиянын өлчөмүн текшерип, которууну ырастаңыз.