Коомдук транспортто жол кирени Visa карталары менен тез, оңой жана ыңгайлуу төлөңүз

Физикалык же смартфондогу же акылдуу сааттагы санарип Visa картаңызды транспорттогу атайын валидаторлорго коюңуз, андан соң валидатордогу ийгиликтүү төлөмдүн ырасталышын күтүңүз, анан бүттү!

Visa карталары менен транспорттогу контактсыз төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Тез

Жол кирени төлөө үчүн физикалык же санарип Visa картасын валидаторго коюу жетиштүү

Ыңгайлуу

Кечинде эртеңкиге майда акча даярдоонун, кайтарым акча болобу деп тынчсыздануунун же кымгуут саатта бүт автобус аркылуу акчаны өткөрүп берүүнүн кажети жок

Коопсуз

Visa берилген маалыматка үзгүлтүксүз көз салуу жана шифрлөө аркылуу картаңыздагы бардык операциялардын корголушун камсыз кылат

Visa карталары менен кайсы жерлерде төлөсө болот

payment terminal in a bus

Бишкек шаарынын тургундары контактсыз төлөмдөрдү кабыл алган, Тулпар валидаторлору орнотулган бардык троллейбустарда жана муниципалдык автобустарда Visa карталары менен жол киресин төлөй алышат.

Жол кирени контактсыз төлөө үчүн физикалык же смартфондогу же акылдуу сааттагы санарип Visa картаңызды валидаторго коюп, экрандан ийгиликтүү төлөмдүн ырасталышын күтүү керек.

Төлөмдү ырастоо жөнүндө билдирүү картаңыздын эмитент-банкынын мобилдик тиркемесине же SMS-билдирүү аркылуу келет, эгер бул опция Visa картаңыздын эмитент-банкында иштетилген болсо.

Контактсыз технологиялар жана Visa картаңызды смартфонго же акылдуу саатка кантип байланыштыруу керектиги жөнүндө кененирээк билип алыңыз

Көп берилүүчү суроолор

Көбүрөөк билүүнү каалайсызбы? Жоопту көрүү үчүн суроону басыңыз