Тиркеңиз
Байланышсыз төлөм технологиясын колдогон Visa картасын, стикерди, смартфонду же саатты терминалга жакын алып келиңиз.
Текшериңиз
Терминалда байланышсыз төлөм белгиси бар экендигин текшериңиз
Тиркеңиз
Байланышсыз төлөм технологиясын колдогон Visa картасын, стикерди, смартфонду же саатты терминалга жакын алып келиңиз.
Сатып алгандарыңызды алып кетиңиз
Эгерде сизге чек керек болсо, аны кассирден сураңыз. Сатып алуу аяктады!
Байланышсыз төлөмдөр - бул:
Ыңгайлуу — мындан ары майда акча издөөнүн же чекке кол коюунун кереги жок
Тез — бир нече секундада байланышсыз төлөм.
Коопсуз — байланышсыз төлөп жатып, сиз картаны колуңуздан чыгарбайсыз.
Өнүмдөрү
Visa картасы
Ыңгайлуу байланышсыз технологиясынан тышкары, карта салттуу төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн магниттик тасма менен жабдылган.
Смартфон
Смартфонуңуз аркылуу байланышсыз төлөңүз. Алдын ала блоктон алып, аны терминалга жакын алып келиңиз. Муну менен бирге тиркемени ачуунун деле кажети жок.
Visa картаңызды Google Pay
Саат
Эми сиз саатыңыз менен байланышсыз төлөмдөрдү ишке ашыра аласыз. Жөн гана саатка бир нече чыкылдатуу кылыңыз, аны терминалга тиркеп, бир нече секунда күтүңүз.
Саат менен сатып алууларга Google Pay
Visa картасын өз смартфонуңузга кантип байласа болот
Көп берилүүчү суроолор
Көбүрөөк билгиңиз келеби? Жоопту көрүү үчүн суроого басыңыз.
-
Окуй турган түзмөктөрдө байланышсыз төлөм белгиси сүрөтү бар каалаган соода түйүндөрүндө.
-
Карта ээлеринен комиссиянын акчасы алынбайт.
-
Байланышсыз транзакциялар магниттик тасмалар сыяктуу коопсуз жана ошол эле коопсуз төлөм тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Байланышсыз төлөм операцияларында сиз төлөм түзүлүшүн көзөмөлдөгөнүңүз үчүн алдамчылык тобокелдиги азаят.
-
Төлөмдү авторизациялоо үчүн картаны, смартфонду, саатты же стикерди байланышсыз төлөмдөрдү кабыл алган окуй турган түзүлүшкө 3-5 см аралыкта жакын алып келип, транзакцияны өткөрүү үчүн аны туура жайгаштыруу керек (стикерден башкасын). Ыйгарым укуктуу соода түйүндөрүнүн окуй турган түзүлүштөрү гана байланышсыз Visa карталарынын маалыматын иштете алышат.
-
Байланышсыз Visa карталары ээлерине стандарттык Visa карталарындай эле коргоону камсыздайт. Эгерде сиздин картаңыз/гаджетиңиз жоголсо же уурдалып кетсе, Visa эл аралык кардарларды колдоо кызматынын өкүлдөрү сиздин эсебиңизди бөгөттөп, картаны алмаштырууну же шашылыш түрдө накталай акча берүүнү уюштура алышат. +1-303-967-1096 (эл аралык чалуулар) териңиз же сиз жүргөн өлкөдө номердин болгонун текшериңиз.
-
Бул чипи бар карта технологиясынын бир түрү. Карта байланышсыз транзакцияларды жүргүзүү үчүн пластикалык картага камтылган өркүндөтүлгөн компьютердик чипти колдонот.
-
Бул соода түйүнүндө Visa байланышсыз төлөмү кабыл алынганын текшериңиз. Төлөм терминалында атайын белги болушу зарыл. Эгерде соода түйүнү байланышсыз Visa төлөмдөрүн кабыл алса, бирок транзакция өтпөй жатса, Visa картасынын ээлери терминал аркылуу картаны өткөруү функциясын колдоно алышат, анткени карта салтуу төлөмдөр үчүн магниттик тасма менен жабдылган.