Visa төлөм карталарынын концепциясын өзгөртүп, Visa Payments Forum CEMEA-2024тө санариптик технологиялардын доору үчүн жаңы өнүмдөрдү сунуштады

  • Инновациялык төлөм технологиялары Борбордук жана Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка регионун (CEMEA) камтыган жыл сайын өтүүчү Visa Payments Forum-умунда көрсөтүлдү.

  • Жаңы өнүмдөр санариптик иденттүүлүктү, үзгүлтүксүз онлайн төлөмдү, ийкемдүү төлөмдөрдү, микро-ишкерлердин электрондук төлөмдөрдү кабыл алуусун жана эсептен эсепке тезирээк жана «акылдуу» төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

  • Ошондой эле, «кызмат катары төлөмдөр» (payments-as-a-service) форматтагы Visa Pay платформасы жарыяланды, ал биринчи класстагы, мобилдик түзмөктөргө багытталган санариптик төлөмдөрдүн жана бири-бирине шайкеш келүүчү акча которуулардын тажрыйбасын камсыз кылат.

БИШКЕК, 29-май, 2024-жыл — Бүгүн, Борбордук жана Чыгыш Европаны, Жакынкы Чыгышты жана Африканы камтыган жыл сайын өтүүчү Visa Payments форумунда Visa төлөм карталары чөйрөсүндө революция жасай турган жана керектөөчүлөрдүн, соодагерлердин жана аларды тейлеген аймактагы каржы мекемелеринин керектөөлөрүн канааттандырылган жаңы өнүмдөрдү жана кызматтарды көрсөттү. Төлөмдөрдү жасоо жана кабыл алуу ыкмалары мурунку 50 жылга караганда акыркы беш жылда кескин өзгөрдү жана өнүгүп келе жаткан технологиялар электрондук коммерция, дүкөндө жеке сатып алуулар жана үзгүлтүксүз акча которуулар сыяктуу чөйрөлөрдө сооданы жана акчанын кыймылын өзгөрткөн жаңы төлөмдөр тажрыйбасын киргизүүдө.

"Борбордук жана Чыгыш Европада, Жакынкы Чыгышта жана Африкада санариптик төлөмдөрдүн өсүшү тездик менен ылдамдап баратат жана аны менен бирге керектөөчүлөрдүн жана соодагерлердин онлайнда да, дүкөндө да акча төлөөнү жана алууну каалаган жолдору өзгөрүүдө", - деди Эндрю Торре (Andrew Torre), Борбордук жана Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча Visaнын аймактык президенти. «Биз коммерциянын келечегин калыптандырууну улантып жатабыз жана керектөөчүлөрдү, ишкерлерди, кардарларыбызды жана өнөктөштөрүбүздү колдоо үчүн санариптик дүйнөгө багытталган кийинки муундун төлөм тажрыйбасын сунуштоого кубанычтабыз. Бүгүн биз керектөөчүлөргө жана соодагерлерге жекелештирилген, ыңгайлуу, коопсуз жана инклюзивдүү келечекти камсыз кылган төлөм карталарынын жаңы функцияларын жана инновациялык санариптик технологияларды сунуштап жатабыз”.

Visa санариптик иденттүүлүктү, үзгүлтүксүз онлайн төлөмдү, ийкемдүү төлөмдөрдү, микро-ишкерлердин электрондук төлөмдөрүн кабыл алууну жана эсептен эсепке төлөм коопсуздугун колдогон жаңы инновациялык чечимдердин топтомун сунуштады. Компания ошондой эле Борбордук жана Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка аймагы үчүн иштелип чыккан «кызмат катары төлөмдөр» (payments-as-a-service) форматтагы Visa Pay жаңы платформасын сунуштады. Ал премиум класстагы, мобилдик түзмөктөргө багытталган санариптик төлөмдөрдүн жана бири-бирине шайкеш келүүчү акча которуулардын тажрыйбасын камсыз кылат. Visa Pay платформасы кеңири төлөм мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт жана банктарга санариптик эмиссия, төлөмдү баштоо, бир таптоодо төлөө (tap-to-pay), алдамчылыктын алдын алуу жана тобокелдиктерди башкаруу, санариптик капчык платформалары, ж.б. сыяктуу жаңы инновациялык чечимдерди ылдам ишке киргизүү үчүн кызматтарды сунуштайт.

Бүгүн жарыяланган жаңы өнүмдөр жана кызматтардан быйыл киргизилүүчү:

Visa Flexible Credential

Visa Flexible Credential ийкемдүү эсеп маалыматтарынын технологиясы бир карта продуктуна төлөм ыкмаларынын ортосунда которууга мүмкүндүк берип, керектөөчүлөргө тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Карта ээлери эми параметрлерди оңой орното алышат же дебеттик картаны, насыя каражаттарды, бөлүп төлөөнү, сыйлык упайларын же башка валютадагы төлөмдөрдү колдонууну танда алышат. Visa Flexible Credential технологиясы жакынкы айларда CEMEA аймагында жеткиликтүү болот.

Микроишкерлер тарабынан электрондук төлөмдөрдү кабыл алуу

Борбордук жана Чыгыш Европада, Жакынкы Чыгышта жана Африкада 120 миллионго жакын расмий жана расмий эмес микроишкерлер дагы эле санариптик төлөмдөрдү кабыл алышпайт, ошондуктан Visa физикалык жана виртуалдык карталар үчүн электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жаңы жолдорун иштеп чыгууда. Бул жылы мобилдик түзмөктөрдө төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жана алуунун төмөнкү жаңы жолдору бардык соодагерлерге жеткиликтүү болот:

  • USSD аркылуу Push-төлөмдөр: кайсы болбосун функционалдагы телефон аркылуу санариптик төлөмдөр.

  • Микроишкерлер тарабынан электрондук төлөмдөрдү кабыл алуу: смартфон аркылуу керектөөчүдөн сатуучуга акча которуулар.

  • Tap to Phone: кайсы болбосун түзмөктү төлөм терминалына айландыруу жана санариптик эсеп байланган карта же гаджет менен бир таптоо менен төлөмдөрдү жүргүзүү.

Visa Payment Passkey Service

Санариптик дүйнөдө жеке идентификация өтө кыйын болуп калды, бул алдамчылыктын олуттуу өсүшүнө алып келди. Бүгүнкү күндө онлайн-төлөм алдамчылыгы физикалык төлөм алдамчылыкка караганда жети эсе көп кездешет¹.

Fast Identity Online (FIDO) аутентификациясынын эң акыркы стандарттарына негизделген Visa Payment Passkey Service керектөөчүнүн өздүгүн тастыктоого жана анын жүзү же манжа изи сыяктуу биометрикасын тез сканерлөө аркылуу онлайн төлөмгө уруксат берүүгө мүмкүндүк берет. Интернетте сатып алууда Visa өткөрмө ачкычтары сырсөздөрдү же бир жолку коддорду алмаштырып, транзакцияларды оңой жана коопсуз кылат.

Visa Payment Passkey төлөм процессин үзгүлтүккө учуратпастан өздүктү ырастайт жана бүткүл дүйнөдө кайсы болбосун түзмөктө же сайтта онлайн төлөм түйшүгүн жок кылып, коопсуздукту жакшыртат.

Click to Pay

Visa кеңири масштабда үзгүлтүксүз жана коопсуз төлөө процессин камсыз кылуу үчүн Click to Pay сервисин киргизип жатат. Керектөөчүлөргө онлайн төлөө үчүн электрондук почта, телефон номери же Visa Payment Passkey гана керек болот. Кошумчалай кетсек, Click to Pay жана Visa Payment Passkey Service функцияларын жаңы Visa карталарына киргизүү үчүн Visa дүйнө жүзү боюнча көптөгөн рыноктордо эмитенттер менен биргелешет, картаны биринчи жолу колдонуп баштаганда карта маалыматтарын жана сырсөздөрдү киргизүү зарылдыгын жокко чыгарат. Click to Pay азыр CEMEA аймагында жеткиликтүү болду.

Эсептен эсепке төлөмдөр үчүн Visa Protect (A2A)

Visa жыл сайын 200 миллиарддан ашык транзакцияларды иштетет жана реалдуу убакытта алдамчылыкты аныктоо жана токтотуу² үчүн ар бир транзакциянын ичиндеги 500 маалымат элементтерин талдайт. Бүткүл дүйнө боюнча (Real-Time Payments, RTP) реалдуу убакыт режиминде төлөм тармактары менен иштеп, биз RTP-тармактарында эсептен эсепке төлөмдөрдү жүргүзүүдө алдамчылыктын алдын алуу үчүн Visa компаниясынын көп жылдар бою AI тажрыйбасын колдонобуз. Visa Protect эсептен эсепке төлөө үчүн буга чейин Улуу Британия жана Латын Америкасынын каржы мекемелери тарабынан аныкталбаган реалдуу убакыт режиминде төлөм боюнча алдамчылыктын 60% аныктайт³. Эсептен эсепке төлөмдөр үчүн Visa Protect куралы CEMEA аймагында жакынкы айларда жеткиликтүү болот.

Visa Pay

Visa Pay – бул банктарга керектөөчүлөрдүн санарип муктаждыктарын алдын ала болжолдоп, мобилдик банкинг колдонмолору аркылуу керектөөчүлөр жана соодагерлер үчүн жаңы санариптик кызматтарды тез арада ишке киргизүүгө мүмкүндүк берген «кызмат катары төлөмдөр» (payments-as-a-service) платформасы. Visa Payге интеграцияланган мүмкүнчүлүктөр санариптик эмиссияны, төлөмдү баштоону, төлөөгө таптоону (tap-to-pay), алдамчылыктын алдын алууну жана тобокелдиктерди башкарууну, токенизацияны, капчык платформаларын жана өнөктөш аркылуу эмитент тарабынан төлөмдөрдү иштетүүнү камтыйт.

Visa Pay аркасында банктар учурдагы мобилдик тиркемелерин өркүндөтө алышат. Керектөөчүлөр премиум класттагы, мобилдик түзмөктөргө багытталган, коопсуздукту жогорулатып, алдамчылык коркунучун азайтуучу санариптик төлөөнүн жана бири-бирине шайкеш келүүчү акча которуунун тажрыйбасынын артыкчылыктарынан пайдалана алышат. Visa Pay платформасы CEMEA аймагында жакынкы айларда ишке киргизилет.

1 Булак: 1. Маалыматтар. Алдамчылык жөнүндө маалыматтар 3Q23. Транзакциялардын деңгээли 4Q23.
2 VisaNet маалыматтар, https://usa.visa.com/run-your-business/visa-security/risk-solutions/authorization-optimization.html
3 VisaNet маалыматтар, https://usa.visa.com/run-your-business/visa-security/risk-solutions/authorization-optimization.html

 


Visa тууралуу маалымат

Visa (NYSE: V) электрондук төлөмдөр индустриясында дүйнөлүк лидер болуп саналат. Visa 200дөн ашык өлкөлөрдө жана аймактарда керектөөчүлөр, бизнес, каржы институттары жана мамлекеттик органдардын ортосундагы төлөм транзакцияларын иштетет. Биздин миссиябыз - керектөөчүлөрдүн бакубаттуулугун жана бизнес менен экономиканын гүлдөп-өнүгүүсүн илгерилетүү үчүн инновациялык, ыңгайлуу, ишенимдүү жана коопсуз төлөм тармагынын жардамы менен дүйнөнү бириктирүү. Биз бардыгы үчүн экономикалык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү бүткүл дүйнөдөгү адамдардын байгерчилигине салым кошот жана келечекте акчанын глобалдык кыймылынын негизин түзөт деп ишенебиз. cis.visa.com көбүрөөк маалымат алыңыз.

 

Бир гана ЖМК суроо-талабы үчүн

Дания Утеева
Visaнын Борбордук Азиядагы басма сөз кызматы
PBN Central Asia
Тел.: +7 778 555 4124
[email protected]
Данил Павленко
Visaнын корпоративдик коммуникациялар боюнча улук менеджери,
Борбордук Азия жана Азербайжан
[email protected]