Visa, санариптик төлөмдөр жана инновациялык төлөм чечимдери боюнча дүйнөлүк лидер, Борбор Азияда She’s Next. Empowered by Visa глобалдык демилгесин баштоосу жөнүндө жарыялайт. Демилге бизнес ишин башкарган, каржылаган, өнүктүрүп жаткан же эми гана өз ишин баштоону пландап жаткан аялдарды колдоо максатында түзүлгөн. Борбор Азиядагы She’s Next. Empowered by Visa программасынын өнөктөшү катары «Астана» эл аралык каржы борборунун Финтех хабы болот, Кыргызстанда бул программаны Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду - She starts Кыргызстан, “Курак” аялдар форуму” коомдук бирикмеси, Борбор Азия аймагы боюнча «Asia» ишкер аялдардын бизнес-ассоциациясы колдошту.
АКШда 2019-жылы башталган демилге бүгүн Украина, Беларусь, Грузия жана Сербия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө иштей баштады жана бул Visaнын чакан бизнести, айрыкча аялдар ишкердигин колдоого умтулгандыгын күбөлөйт.
«Бүгүнкү күндө аялдар тарабынан өз бизнесин өнүктүрүүгө талап чоң болуп жатат жана биз Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы аялдардын ишкердүүлүгүн жана лидерлигин өнүктүрүүгө салым кошуп, өзүнө ишенген жана шыктанган ишкер аялдардын жергиликтүү коомчулугун түзүү үчүн өз тажрыйбабыз, ресурстарыбыз жана кызматтарыбыз менен бөлүшүп, алардын бизнес чөйрөсүндө өнүгүүсүнө жардам берип жатканыбызга кубанычтабыз», – деп программанын башталышы жөнүндө өз пикирин билдирди Вера Платонова, Visaнын КМШ жана Түштүк-Чыгыш Европа боюнча башкы вице-президенти жана менежери.
Бул демилгенин алкагында Visa менен чогуу «Астана» эл аралык каржы борборунун Финтех хабы бизнес чөйрөсүндөгү аялдар үчүн билим берүү программасын баштоодо – буга чейин өз бизнесин өркүндөтүп келе жаткандарга же жаңы гана өз ишин баштоону пландап жаткандарга. Программа 2021-жылдын 1-апрелинде башталып, алдыңкы бизнес-эксперттер катышкан беш вебинардан турат. Алар орчундуу темалар боюнча тажрыйбалары, билими жана практикалык көндүмдөрү менен бөлүшөт.
Жумалык вебинарлар бейшемби күндөрү She’s Next. Empowered by Visa билим берүү программасынын сайтында өткөрүлөт, аларга кирүү мүмкүнчүлүгү бул шилтеме аркылуу катталгандан кийин берилет: https://fintechstars.aifc.kz/shes-next. Иш-чаралардан кабардар болуп, алдыңкы бизнес-эксперттер менен болгон вебинарларды өткөрүп жибербеш үчүн катталыңыз! Программа бүткүл Борбор Азиянын угуучулары үчүн акысыз негизде жеткиликтүү.
Вебинарлар планы:
- 01.04, 19.00дөн 20.45ке чейин (Бишкек ш. убактысы боюнча, GMT +6). Вебинар №1 «Өз ишиңди кантип башташ керек», Мерей Мустафина, Umay Boostтун негиздөөчүсү
- 08.04, 19.00дөн 20.45ке чейин (Бишкек ш. убактысы боюнча, GMT +6). Вебинар №2 «Аял лидерлиги», Алена Ткаченко, Nommi брендинин негиздөөчүсү
- 15.04, 19.00дөн 20.45ке чейин (Бишкек ш. убактысы боюнча, GMT +6). Вебинар №3 «Бизнести каржылоо», Асель Канкина жана Арман Батаев, Finmentors.kz негиздөөчүлөрү
- 22.04, 19.00дөн 20.45ке чейин (Бишкек ш. убактысы боюнча, GMT +6). Вебинар №4 «Кардар тажрыйбасы атаандаштыктын артыкчылыгы катары», Жанна Прашкевич, The Guests консалтинг студиясынын жетекчиси, Novikov School тейлөө мектебинин куратору
- 29.04, 19.00дөн 20.45ке чейин (Бишкек ш. убактысы боюнча, GMT +6). Вебинар №5 «Бизнести кайра кураштыруу. Жаңы дүйнөгө ылайыкташуу», Надя Жексембаева, жазуучу, педагог жана ишкер.
Visa дүйнөлүк демилгенин Борбор Азиядагы толкунунун алкагында окутуучу вебинарларды өткөрүүдөн тышкары Forbes менен биргеликте «Күчтүүлөрдүн пикир алышуусу» долбоорун, Борбор Азиядагы таанылган пикир лидерлери жана ийгиликтүү ишкер аялдар менен болчу бир катар маектерди сунуштайт – чакан ишканалардан баштап мамлекеттик секторго чейин. Талкуунун жүрүшүндө баатыр аялдар аял лидерлиги, жаңы чындык жана кризистик кырдаалды жөндөө, пандемия учурунда бизнести башкаруу сыяктуу темаларды козгоп, заманбап аялдардын ийгиликке жетүү жолундагы кыйынчылыктары жана тобокелдиктери жөнүндө сүйлөп беришет.
Мындан тышкары, Visaнын буйрутмасы менен FusionLab изилдөө компаниясы өлкөдөгү аялдардын ишкердигинин өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатында казакстандык ишкер аялдар жана өз бизнесин баштоону пландап жаткан аялдар арасында изилдөө жүргүзөт.
Telegramдагы тайпабызга жана Facebookтагы иш-чаралар баракчабызга кошулуп, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы She's Next программасынын жаңылыктарынан кабардар болуп туруңуз.
***
Visa жөнүндө
Visa Inc. (NYSE: V) санариптик төлөмдөр боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Биздин вазийпабыз ‒ бул керектөөчүлөргө, ишкерлерге жана жалпы экономикага план менен өнүгүүгө мүмкүндүк берген эң эле инновациялык, ишенимдүү жана коопсуз төлөм тармактары аркылуу дүйнөнү бириктирүү. Биздин жаңы глобалдык, технологиялык VisaNet тармагыбыз дүйнө жүзү боюнча коопсуз жана ишенимдүү төлөмдөрдү камсыз кылат жана секундасына 65 000ден ашуун транзакцияны жүргүзө алат. Visa компаниясы инновацияларга өзгөчө көңүл бурат, бул “connected commerceтин” тез өсүшүнүн катализатору болот, мындай шартта иш жүзүндө ар кандай туташкан түзүлүш төлөмдөрдү жүргүзө алат жана ошону менен накталай акча каражатысыз келечегине өтүүгө жакындатат — баары үчүн жана бардык жерде. Аналогдук технологиядан санариптик технологияга өтүү жүрүп жаткан сайын Visa коммерцияны өзгөртүү үчүн өзүнүн брендин, өнүмдөрүн, эксперттерин, тармагын жана масштабын колдонот. Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү сайттарга кириңиз usa.visa.com/about-visa, www.visa.com.kz, https://cis.visa.com/ru_TJ/visa-in-kyrgyzstan.html
«Астана» эл аралык каржы борборунун Финтех хабы жөнүндө
АЭКБ Финтех хабы дүйнөлүк стартаптардын, ишкерлердин, инвесторлордун, алдыңкы тармактык эксперттердин жана көптөгөн таланттуу адистердин биригүүчү жери болуп саналат. Финтех хабы каржы технологияларын илгерилетүү, каржы технологияларынын экосистемасын түзүү, ошондой эле Казакстанда жана региондо накталай эмес экономиканы жана төлөм инновацияларын өнүктүрүү боюнча жигердүү иш алып барат. www.fintech.aifc.kz