KOLFEST менен бирге бул жайды жаркын, шаңдуу жана өзгөчө өткөрүңүз. Empowered by Visa

Музыка жана көркөм өнөр планетадагы эң бай тилдердин бири деп ишенебиз. Аларды ар ким түшүнөт жана ар ким өзүнө жакын нерсени издейт жана табат. Ошондуктан, биз жаш музыканттардын, чыгармачылардын жана артисттердин аракеттерине колдоо көрсөтүп, ишке ашыруудагы алгачкы кадамдары үчүн аянтча менен камсыз кылууга жардам бергенибизге кубанычтабыз.

Мындай аянтчалардын бири — үч күндүк KOLFEST музыка жана көркөм өнөр фестивалы. Empowered by Visa 2023-жылдын 28-июлунан 30-июлуна чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. 

Сахналардын бири нон-стоп болот, ошондой эле  күн сайын башкы сахнада Visa Hour учурунда бир саат бою жаш таланттуу ди-джейлер ойнойт. Алар азырынча анча белгилүү эмес, бирок таланты көңүл бурууга ылайыктуу. 

Бул көп кырдуу чыгармачылыктын чыныгы тополоңу болот! Музыка менен коштолгон үч сахна, эл аралык командалардын көптөгөн акысыз мастер-класстары, галереялары жана арт-долбоорлору, кинотеатр, Борбордук Азиянын дизайнерлеринин fashion-шоулары, спикерлердин музыка, көркөм өнөр, инновациялар жана башка көптөгөн темалар боюнча чыгып сүйлөшү үчүн ачык микрофон. 

Мындан тышкары, сизди Visa'нын жагымдуу сунуштары жана иш-чаралары күтөт! 

Чоң чатырдын астында Visa'нын chill-зонасы иштейт, ал жерде сиз эс алып, телефонуңузду кубаттай аласыз. Эс алуу жайынын аймагында желдеткичтер иштеп, суу таркатылат, андыктан сиз салкындап да аласыз.

Chill-зонадагы коноктор локацияда Visa'нын иш-чараларына катышып, жагымдуу брендделген белектерди алууга да мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан да көп нерсе бар. Барда суусундуктарды Visa карталары менен төлөп, -10% арзандатуу аласыз. 

KOLFEST'те көрүшкөнчө. Empowered by Visa!