Visa атайын кызматы төмөнкү камсыздандыруу окуяларында Visa Platinum, Visa Signature, Visa Infinite жана Visa Platinum Business карталары үчүн жеткиликтүү:
Кайсы Visa карталарында камсыздандыруу кызматы жеткиликтүү?




Камсыздандыруу качан жүргүзүлө баштайт?
Чет өлкөгө сапарга чыкканда
Камсыздандырууңуз автоматтык түрдө күчүнө кирет, эгерде сиз сапарыңызды баштаардан мурун:
- Анда барып жана кайра келүүгө жарай турган билеттерди Visa сый акы картасы менен төлөгөн болсоңуз.
- Сапардын алдында Visa сый акы картасы менен мейманканадан орун ээлеп, төлөп койгон болсоңуз
- Visa сый акы картасы менен сапардын алдында билеттерге да, турак-жайга да төлөп койгон болсоңуз.
Сиз туруктуу жашаган өлкөдөгү сапарларыңызда камсыздандыруу автоматтык түрдө күчүнө кирет, эгерде сиз сапарыңызды баштаардан мурун:
- Үйүңүздөн кеминде 100 км алыстыкта, кеминде 2 түн кала турган турак-жайды Visa сый акы картаңыз менен алдын ала брондоп койгон болсоңуз.
Көңүл буруңуз: Камсыздандыруу күчүнө кириши үчүн транспортко жана/же турак-жайга Visa сый акы картаңыз менен төлөшүңүз керек (бул учурда, картадагы ат билеттердеги атка дал келиши керек жана/же турак-жайды брондоодогу атка).
COVID-19дан кандай камсыздандырылат?
Илдетке чалдыккан учурда камсыздандыруу компаниясына кабарлашыңыз керек. Ушуну менен бирге сиз медициналык чыгымдардын бардыгын өзүңүз төлөйсүз жана туруктуу жашаган өлкөңүзгө кайтып келгенден кийин компенсация алуу үчүн кайрыласыз. Бул камсыздандыруу окуясы кадимки медициналык окуя катары каралат.
Эгер: эгерде сиз сапарды алдын ала пландаштырып, ага төлөгөн болсоңуз же келишим боюнча төлөшүңүз керек болсо, бирок күтүлбөгөн жерден COVID-19 илдетине чалдыгып, сапар токтотулуп, дарыгер сизди милдеттүү карантинге жөнөткөн болсо, сиз сапардын токтотулуп калганына байланыштуу камсыздандыруу төлөмү үчүн документтериңизди тапшыра аласыз. Камсыздандыру компаниясына сиздин диагнозуңузду тастыктаган расмий медициналык документтерди берүү керек, андан кийин талап каралат.
Камсыздандыруунун артыкчылыктары
- Үй-бүлөнү толугу менен камсыздандыруу. Эгерде сиз үй-бүлөңүз менен саякаттап жүрсөңүз, алар дагы камсыздандырылат (жубайы жана балдары).
- Камсыздандыруу жашаган өлкөдө жана анын чегинен тышкары жерде жарактуу.
- 50дөн ашык спорттун түрлөрүн камсыздандыруу.
- Сатып алууларыңызды зыянга учуроосу же уурдалуусуна каршы камсыздандыруу.
- Жогорку камсыздандыруу лимити. Камсыздандыруу окуясы болгон учурда ала турган эң жогорку сумма -Visa Infinite картасы менен 2,5 млн USD, Visa Signature карталары үчүн 750 миң USD жана Visa Platinum Business карталары үчүн 500 миң USD.
Камсыздандыруунун жалпы эрежелери жана шарттары
Камсыздандыруу күбөлүгүн сапарга чыгаардан мурун толтуруу сунушталат, анткени ал бажы көзөмөлүндө суралышы мүмкүн.
Узактыгы — бир сапар үчүн 90 күн, бирок жылына 183 күндөн көп эмес. Эгерде сапар 90 күндөн ашык созулса, анда ал толугу менен камсыздандырылбаган деп эсептелет.
Сиздин камсыздандырууңуз туруктуу жашаган өлкөдөн чыгуу жана кирүү фактысына жараша башталат жана аяктайт.
Эгерде медициналык камсыздандыруу окуясы болсо эмне кылуу керек?
1. Биринчи кезекте – болгон окуя жөнүндө кабарлаңыз:
А) бардык байланыш каналдары аркылуу Visa консьерж кызматына:
Б) Же Эл аралык SOSко төмөнкү номерлер боюнча: +380444993975 / +74959376453 / +442087628373
В) Электрондук почтага: [email protected]
2. Камсыздандыруучу сизди кардар катары аныктай турган маалыматтарды көрсөтүңүз:
- Ф. А. А.
- картанын биринчи 9 цифрасы
- каржылык жана жергиликтүү байланыш номери
3. Камсыздандыруучу (өз кезегинде) кайрылууну каттап, аны нөөмөттөгү дарыгерге өткөрүп берет.
4. Дарыгер сиз менен байланышып, эмне кылууну жана кайсы клиникага кайрылуу керектигин айтат.
5. Камсыздандыруучу кырдаалды көзөмөлдөө үчүн ошол эле учурда клиника менен байланышат.
6. Чыгымдардын ордун толтуруу үчүн бардык чектерди, билеттерди жана окуянын болгондугунун фактысын тастыктаган башка документтерди сактаңыз.
Көңүл буруңуздар:
Бардык чыгымдарды алгач карта кармоочусу өзү төлөйт, камсыздандыруучу болсо аларды компенсациялоо жөнүндө арызды карагандан кийин гана төлөп бере алат. Карта ээсинин туруктуу жашаган өлкөгө кайтып келгенден кийинки медициналык чыгымдары камсыздандыруу кызматы тарабынан төлөнбөйт.
Суроолор жана жооптор
-
CHUBB - мүлктү жана жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча дүйнөлүк лидер. Компания рынокто 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келет.
CHUBBнын 54 өлкөдө бөлүмдөрү бар жана төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- мүлктү камсыздандыруу
- юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилигин камсыздандыруу
- жеке жактарды бөөдө кырсыктан камсыздандыруу
- медициналык камсыздандыруу
- кайра камсыздандыруу
- кардарлардын ар кандай топторунун өмүрүн камсыздандыруу.
Баш кеңсеси АКШнын Нью-Джерси штатындагы Уоррен шаарында жайгашкан.
-
Эгерде төмөнкү себептерден улам сиздин сапарыңыз башталаардан алдың токтотулса же кыскартылса, анда сиз компенсация алууга укуктуу болушуңуз мүмкүн:
- күтүүсүз оору, жаракат алуу же карта ээсинин же жакын тууганынын өлүмү
- инфекция жуккан адамдар үчүн милдеттүү карантин (жеке карантин, өлкөдөгү кырдаал эмес)
- кош бойлуулуктун кесепеттери менен кошумча оорусу (эгер алар сапарды брондоо алдында пайда болбосо).
Бул учурда камсыздандыруучу төлөнүп берилбөөчү сапар чыгымдарын гана компенсациялайт.
Камсыздандырууга ЖАТПАГАН нерселер:
- төлөнүп берилүүчү аэропорт жыйымдарын, алымдарын жана салыктарын төлөөгө кеткен чыгымдар
- мурунку оорудан улам сапардын үзгүлтүккө учурашы
- миля, кошумча сыйакы, упайлар ж.б. аркылуу сапарга төлөөгө кеткен чыгымдар
- паспорттун же визанын жоктугуна же жараксыздыгына байланыштуу сапардын үзгүлтүккө учурашы
-
Рейстин кечиктирилиши үчүн компенсация алуу шарттары:
- сиздин рейсиңиз 4 саатка же андан көпкө кечиктирилсе
- сиз рейске катталган болсоңуз
- сизде авиакомпаниядан рейстин кечигип жаткандыгы жөнүндө расмий документи бар
-
Жол жүгүнүн кечиктирилиши үчүн компенсация алуу шарттары:
- сиздин жол жүгүңүз 4 саатка же андан көпкө кечиктирилсе
- сизде авиакомпаниядан жол жүгүнүн кечигип жаткандыгы жөнүндө расмий документ бар
Эмне КИРБЕЙТ:
- бажы кызматы же башка бийлик органдарынын өкүлдөрү тарабынан токтото туруу, конфискациялоо же колго түшүрүү аракеттеринин натыйжасында келтирилген жоготуулар
- жүк катары же транспорттук баракча менен ташылган жол жүгүнө карата талаптар
-
Өткөрүп жиберилген рейс үчүн компенсация алуу шарттары:
сиз жөнөтүү пунктуна кечигип келдиңиз, анткени:
⇾ сиз келе жаткан унаа бузулуп же жол кырсыгына учурады
⇾ сизди жеткире турган коомдук транспорт ырааттама боюнча келген жок.сиз төмөнкүлөрдү беришиңиз керек:
⇾ карта кармоочусу жумшаган бардык кошумча чыгымдардын далилдери
⇾ коомдук транспорттун иш жүзүндө кечигип жаткандыгы жөнүндө расмий кат
⇾ жол кырсыгынын болушу жөнүндө акт.- жөнөтүү пунктуна өз убагында келгидей акыл калчап, убакыт камын көрүшүңүз керек
-
Өткөрүп жиберилген транзиттик рейс үчүн компенсация алуу шарттары:
- алмаштырып отуруу пунктунда сиз ырасталган кийинки рейсти өткөрүп жибердиңиз
- сиз авиакомпаниянын биринчи рейстин учуп келүүсүнүн же учуп кетүүсүнүн кечиктирилгендигин тастыктаган документтерин беришиңиз керек
- сиз өзүңүздүн кийинки рейсиңизге жетишүү үчүн бардык күч-аракетиңизди жумшашыңыз керек; сиз рейстин белгиленген учуп келүү убактысын (жок дегенде) 2 саат алдын ала караштырышыңыз керек
-
Сапарлар камсыздандырылбайт, эгерде:
- сиз дарыгердин сунуштарына карабай сапарга чыксаңыз
- дарылануу/консультация алуу максатында сапарга чыксаңыз
- сизде андан ары дарылоону/текшерүүнү талап кылган, аныкталбаган симптомдор бар
- сапарды брондоо учурунда аны үзгүлтүккө учуратуучу же кыскартуучу себептердин бардыгын билсеңиз
- эгер сиздин сапарыңыздын негизги максаты спорттук мелдештер болсо жана сиз спортчу катары сапарга чыксаңыз
- эгерде шериги же баласы карта кармоочусуз сапарга чыкса
-
Эгерде спорттук мелдештерге катышуу сапарыңыздын негизги максаты болбосо, анда төмөнкү учурларда камсыздандыруу алууга болот:
- өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн бардык сунушталган/керектүү жабдууларды колдоносуз
- уюштуруучулар сунуш кылган бардык талаптарды жана коопсуздук эрежелерди сактайсыз
- сизде дарыгердин бул спорт менен алектенүүгө каршы көрсөтмөлөрү жок
- ылдамдыкка жана убакытка мелдешпейсиз
-
Visa Platinum, Visa Signature, Visa Infinite и Visa Platinum Business сый акы карталарын оформить этүү, автоматтык түрдө камсыздандыруу алуу үчүн –биздин өнөктөш банктарыбыздын тизмеси менен таанышыңыз:
https://cis.visa.com/ru_TJ/visa-in-kyrgyzstan/cis-ky.html#3
Камсыздандыруу кызматы жана Visa сый акы карталарынын башка артыкчылыктары жөнүндө толук маалыматты Visa чат-ботунан таба аласыз.
Чат-ботту Telegram/Viberде туташтырып, виртуалдык жардамчыны аласыз, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Күнүмдүк суроолорду ыкчам жана кыйналбастан чечүү үчүн консьерж кызматы менен байланышуу.
- Сый акы карталары боюнча атайын сунуштар маалыматын алуу.
Камсыздандыруу сертификаттарын жүктөп алып, камсыздандыруу келишимин төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз: https://cardholderbenefitsonline.com.
Камсыздандыруучу: CHUBB INSURANCE SOUTH AFRICA LIMITED, ТАР. Ыйгарым укуктуу каржылык кызмат көрсөтүүчү (FSP №: 27176). Каттоо №1973/008933/06 12.06.2007-ж.