Спорт – бул атаандаштык духу жана адреналин жөнүндө гана эмес, колдоо жөнүндө да. Спортто ар бир адам бирдей мүмкүнчүлүккө жана укукка ээ болушу керек, спорт баарына жеткиликтүү болушу керек деп ишенебиз! Анткени, спорт – бул бүтүндөй философия, бул миллиондогон адамдар үчүн жашоо образы.

Көп жылдардан бери Visa Олимпиадалык жана Паралимпиялык оюндардын дүйнөлүк өнөктөшү болуп, дүйнө жүзү боюнча спорттук иш-чараларды жана мелдештерди колдоп келет. Алардын бири – триатлон боюнча Азия кубогу.

Быйыл Visa'нын, жарыштардын башкы өнөктөшү катары, маанилүү максаты жана миссиясы бар! Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы Бишкектеги жалгыз муцинипалдык бассейнди оңдоого жана модернизациялоого киришти. Visa демилгеге кошулуп, «Дельфинди» лифт жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн керектүү болгон инфраструктура менен жабдууга жардам берет!

Триатлон боюнча Азия кубогуна катышуу үчүн Visa карталары менен төлөнгөн ар бир акыны эки эсеге көбөйтүп, бассейнди оңдоого жумшайбыз. Ошентип, мелдештерге катышуу менен, сиз Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө жана спортчулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө түздөн-түз өз салымыңызды кошосуз.