Visa бизнес-карты менен Freshworks продукттарына (Freshdesk, Freshservice, Freshsales, Freshchat, Freshcaller, Freshteam, Freshmarketer жана Freshrelease) 10 000 АКШ доллары суммасында кредит алыңыз.
Сунушту кантип пайдалануу керек?
- Poshvine сайтына өтүңүз жана «Claim Offer» баскычын басыңыз.
- Валидациялоо үчүн сиздин Visa бизнес-картыңыздын номеринин алгачкы 8 цифрасын киргизиңиз.
- Өнөктөштүн сайтына өтүү үчүн «Redeem» баскычын басыңыз.
- Сураган маалыматтарды киргизүү аркылуу катталыңыз.
- Visa Business, Visa Platinum Business же Visa Signature Business бизнес-картыңыз менен төлөңүз.
- Эгерде программага байланыштуу кошумча суроолоруңуз болсо, [email protected] дарегине билдирүү жөнөтүңүз.
Сунуш 2022-жылдын 01-декабры саат 00:00 GMT тартып 2023-жылдын 31-декабры саат 23:59 GMT чейин күчүндө болот.
Шарттар жана жоболор
Өнөктөштүн шарттары жана жоболору.
Сунуш жаңы кардарлар үчүн гана жарактуу жана учурдагы Freshworks кардарларына жайылтылбайт. Кредиттик лимит талкууланбайт. Кредиттер кошулбайт же продукттар ортосунда которулбайт. Кредиттер Pro тарифтик планында гана колдонулат. Сунуш төмөндө берилген продукттар тизмесине жайылтылат: Freshsales Suite – сатууларды жана маркетингди автоматташтыруу үчүн CRM-чечим, Freshsales – CRM программалык камсыздоосу, Freshmarketer – маркетингди автоматташтыруу үчүн программалык камсыздоо, Freshdesk Omnichannel – кардарларды колдоо үчүн универсалдуу программалык камсыздоо, Freshdesk Support Desk – кардарларды колдоо үчүн программалык камсыздоо, Freshdesk Contact Centre – булут телефониясы үчүн программалык камсыздоо, Freshdesk Messaging – кардарлар менен билдирүүлөрдү алмашуу үчүн программалык камсыздоо, Freshteam – персоналды башкаруу үчүн программалык камсыздоо, Freshservice – ИТ-кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу үчүн программалык камсыздоо.
Visa шарттары жана жоболору.
Сунуштун деталдары Өнөктөш берген маалыматка негизделет. Visa маалыматтын тууралыгына эч кандай кепилдик бербейт. Сунуштун болушун жана аныктыгын түздөн-түз Өнөктөштөн тактаңыз. Өнөктөш ушул Сунуштун алкагында бардык товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү жалгыз жеткирип берүүчү болуп саналат. Ушундан улам, Visa карт ээси ушул Сунуштун алкагында ал сатып алган ар кандай товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр сатуучу менен анын ортосундагы гана келишим экенин, ал эми Visa анын тарабы эместигин жана тарабы болбой турганын түшүнөт, тааныйт жана макул болот. Ушул Сунуштун алкагында ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланып же пайдаланууга аракет кылып, Visa карт ээси төмөндөгүлөрдү түшүнөт, тааныйт жана макул болот: Карт ээсинин ушул Сунуштун алкагында ар кандай товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусунан же сатып алууга аракет кылуусунан улам же ага байланыштуу пайда болгон ар кандай мүнөздөгү дооматтар, даттануулар же талаштар (ар бири «Доомат»), Visa карт ээси тарабынан түздөн-түз Өнөктөш менен бирге жөнгө салынышы керек жана Visa карт ээси Visaга эч кандай дооматтарды койбошу керек. Жогоруда айтылгандарга зыян келтирүүсүз жана мыйзам менен уруксат берилген максималдуу деңгээлде, Visa Сунушту же Сунуштун алкагында берилген товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун же пайдаланууга аракет кылуунун натыйжасында же ага байланыштуу пайда болгон ар кандай жаракаттар, өлүм, бурмалоо, зыян же кемчилик менен байланыштуу (түз же кыйыр) ар кандай жоготуулар, зыян, чыгашалар же дооматтар үчүн эч кимдин алдында жоопкерчилик тартпайт.