- Visa премиум карта ээси учуп кетерден кеминде 12 саат мурун Visa Concierge аркылуу кызматка өтүнмө берип, төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек:
- өзүнүн атын жана фамилиясын;
- каттамдын датасы, убактысы жана номерин;
- байланыш телефон номерин;
- ошондой эле, Visa Platinum, Visa Signature, Visa Infinite, Visa Platinum Business же Visa Signature Business премиум карта ээси катары «Visa'дан Fast Line» акциясынын катышуучусу экенин көрсөтүшү керек.
- Өтүнмөнү алгандан кийин аэропорттун кызматкери жүргүнчүгө кайсы терминалга барышы керектигин айтат.
- Аэропорттун кызматкери жүргүнчүнү терминалдын тийиштүү кире беришинде тактача менен тосуп алып, «Salam Service» столуна алып барат.
- Андан кийин жүргүнчүнү тездетилген өтмөктүн каттоо столуна коштоп барышат. «Visa'дан Fast Line» пайдалануучусу ошондой эле каттоо столуна чейинки аймакта жеткиликтүү болгон портье кызматтарынан пайдалана алат (андан ары бул кызмат өзүнчө төлөнөт).
Тиешелүү столдо каттоодон өтүү жана жүктү тапшыруу учурунда жүргүнчү аэропорттун кызматкерине каттамга билетти көрсөтүүгө милдеттүү. Документтер текшерилгенден кийин аэропорттун кызматкери жүргүнчүнү каттамга каттайт.
Эгерде жүргүнчүнүн жанында декларациялоого жаткан буюмдары болсо, аэропорттун кызматкери жүргүнчүнү тийиштүү столго алып барып, бажы декларациясын толтурууга жардам берет. Андан кийин жүргүнчүнү текшерүүдөн тез өтүү аймагына алып өтүшөт. - «Visa'дан Fast Line» кызматынын пайдалануучусу жүктү тапшырар алдында бир бирдик жүктү акысыз таңгактоо кызматынан да пайдалана алат, ал «Salam Gold Service» кызматына киргизилген.
- Коопсуздук аймагынын кире беришинде жүргүнчү текшерүү үчүн отургузуу талонун көрсөтүшү керек. Жеке кароодон өтүп, рентген аппараты аркылуу текшерүү үчүн кол жүгүн бериши керек болот. Андан соң жүргүнчүнү паспорттук көзөмөлдөн тез өтүү столуна жөнөтүшөт.
- Паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда жүргүнчү текшерүү үчүн отургузуу талонун дагы бир жолу көрсөтүшү керек.
- Бардык керектүү процедуралар аткарылгандан кийин жүргүнчүнү отургузуу үчүн жалпы күтүү залына алып барышат.
Сапар учурунда Visa менен көбүрөөк жайлуулукка жетишиңиз
2024-жылдын 31-декабрга чейин «Visa'дан Fast Line» кызматынын бардык артыкчылыктарынан пайдаланыңыз. Ал Бакудагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто Visa Platinum, Visa Signature, Visa Infinite, Visa Platinum Business жана Visa Signature Business премиум карта ээлери үчүн жеткиликтүү.
«Visa'дан Fast Line» менен сизге төмөнкүлөр жеткиликтүү:
- каттамга каттоонун тездетилген процедурасы;
- портье кызматы менен жүктү тез жеткирүү;
- учуп кетүү жана учуп келүү убагында паспорттук көзөмөлдү кыйгап өтүү.
Жыл ичи жеткиликтүү болгон кызматтардын саны: Visa Platinum – 2 жолу, Visa Signature – 4 жолу, Visa Infinite – 6 жолу, Visa Platinum Business – 2 жолу, Visa Signature Business – 4 жолу.
2024-жылдын 1-июнунан баштап Visa премиум карталарынын ээлери өздөрү менен бирге 12 жашка чейинки бир баланы бекер ала алышат, эгерде бала ошол эле рейсте чоң адам менен бирге учса.
«Visa'дан Fast Line» кызматына аэропорттон учуп кетүү учурундагы «Salam Gold Visa» кызматтары жана учуп келгенде көрсөтүлүүчү «Salam Platinum Visa» кызматтары кирет.
«Fast Line: Salam Gold Visa» (учуп кетүү) кызматынан кантип пайдаланса болот
«Fast Line: Salam Platinum Visa» (учуп келгенде) кызматынан кантип пайдаланса болот
- Visa премиум карта ээси учуп кетерден кеминде 12 саат мурун Visa Concierge аркылуу кызматка өтүнмө берип, төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек:
- өзүнүн атын жана фамилиясын;
- каттамдын датасы, убактысы жана номерин;
- байланыш телефонун;
- ошондой эле, Visa Platinum, Visa Signature, Visa Infinite, Visa Platinum Business же Visa Signature Business премиум карта ээси катары «Visa'дан Fast Line» акциясынын катышуучусу экенин көрсөтүшү керек.
- Аэропорттун кызматкери жүргүнчүнү перрон тарабынан 1-терминалдын кире беришинде тактача менен тосуп алат.
- Аэропорттун кызматкери жүргүнчүнү паспорттук көзөмөлдөн тез өтүүнүн тийиштүү пунктуна коштоп барып, кезексиз каттоодон өткөрөт.
- Паспорттук көзөмөлдөн тез өткөргөндөн кийин аэропорттун кызматкери жүргүнчүнү аэропорттун 2-терминалындагы премиум-лаунджга алып барат.
- Бул мезгилде жүргүнчү портьеге анын ордуна буюмдарын алышы үчүн жүк талонун тапшыра алат. Зарыл болгон учурда жүргүнчүгө бажы декларациясын толтурууда да жардам көрсөтүлөт.
Эгерде жүргүнчү «Visa'дан Fast Line» кызматынан баш тартууну кааласа, бул жөнүндө учуп кетерден кеминде 3 саат мурун Visa Concierge чат-боту аркылуу кабарлашы керек.
Сунуш 2024-жылдын 31-декабрга чейин жарактуу.
Суроолор жана жооптор
-
-
2024-жылдың 1-июнунан баштап сервисколдонуучусу өзү жана аны менен бир рейс менен саякаттаган 12 жашка чейинки балдар үчүн сервис кызматтарына кире алат.
-
-
Учуп кетүү – Salam Gold Visa: Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон учуп жатканда каттоодон жана жүктү тапшыруудан тез өтүү. Кызмат ошондой эле бир жүргүнчү үчүн бир жүктү таңгактоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт.
Учуп келүү – Salam Platinum Visa: Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко учуп келгенде каттоодон тез өтүү. Кызмат ошондой эле аэропорттун 2-терминалында портьенин жүргүнчүнү премиум-лаунджга чейин коштоп баруусун камтыйт.
-
-
Украина, Казакстан, Сербия, Молдова, Грузия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түндүк Македония, Монтенегро, Албания, Босния жана Герцеговина жана Косовонун банктары тарабынан чыгарылган Visa Platinum, Visa Signature, Visa Infinite, Visa Platinum Business жана Visa Signature Business карталары үчүн.
-
-
Премиум карта ээлери акыркы жолу пайдаланган учурдан тартып 24 сааттын ичинде 1 жолу кызматтан пайдалана алат. Бир жылдын ичинде Visa Platinum жана Visa Platinum Business премиум карта ээлери кызматтан 2 жолу, Visa Signature жана Visa Signature Business – 4 жолу, Visa Infinite – 6 жолу пайдалана алышат.