Visa бизнес-карты менен Meridian-дан Microsoft 365 пакетине 25% арзандатууну алыңыз.
Сунушту кантип пайдалануу керек?
- Poshvine сайтына өтүңүз жана Claim Offer баскычын басыңыз.
- Валидациялоо үчүн сиздин Visa бизнес-картыңыздын номеринин алгачкы 9 цифрасын киргизиңиз.
- Өнөктөштүн сайтына өтүү үчүн Redeem баскычын басыңыз.
- Төлөм валютасын жана сизге керектүү планды тандаңыз.
- «Buy Now And Get 25% Discount» баскычын басыңыз.
- Сураган маалыматтарды киргизиңиз жана сунушту пайдалануу үчүн буйрутманы тариздеңиз.
Сунуш 2023-жылдын 01-июну саат 00:00 GMT баштап 2024-жылдын 31-марты саат 23:59 GMT чейин күчүндө болот.
Шарттар жана жоболор
Өнөктөштүн шарттары жана жоболору.
Meridian тиешелүү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 25% арзандатуу берет. Бул кызмат көрсөтүүлөр үчүн алдын ала төлөө керек. Катталууга киргизилген бардык өзгөртүүлөр же кошумча ресурстар төлөөгө алып келет. Жокко чыгаруу саясаты: кызмат көрсөтүүнү жокко чыгаруу үчүн бир айдан кем эмес билдирүү мөөнөтү талап кылынат. Сатып алууга буйрутма жайгаштыргандан кийин кайтарылбайт. Жүктөлгөн буйрутмаларды жокко чыгарууга жана алмаштырууга болбойт.
Visa шарттары жана жоболору.
Сунуштун деталдары Өнөктөш берген маалыматка негизделет. Visa маалыматтын тууралыгына эч кандай кепилдик бербейт. Сунуштун болушун жана аныктыгын түздөн-түз Өнөктөштөн тактаңыз. Өнөктөш ушул Сунуштун алкагында бардык товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү жалгыз жеткирип берүүчү болуп саналат. Ушундан улам, Visa карт ээси ушул Сунуштун алкагында ал сатып алган ар кандай товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр сатуучу менен анын ортосундагы гана келишим экенин, ал эми Visa анын тарабы эместигин жана тарабы болбой турганын түшүнөт, тааныйт жана макул болот. Ушул Сунуштун алкагында ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланып же пайдаланууга аракет кылып, Visa картынын ээси төмөндөгүлөрдү түшүнөт, тааныйт жана макул болот: Карт ээсинин ушул Сунуштун алкагында ар кандай товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусунан же сатып алууга аракет кылуусунан улам же ага байланыштуу пайда болгон ар кандай мүнөздөгү дооматтар, даттануулар же талаштар (ар бири «Доомат»), Visa карт ээси тарабынан түздөн-түз Өнөктөш менен бирге жөнгө салынышы керек жана Visa карт ээси Visaга эч кандай дооматтарды койбошу керек. Жогоруда айтылгандарга зыян келтирүүсүз жана мыйзам менен уруксат берилген максималдуу деңгээлде Visa Сунушту же Сунуштун алкагында берилген товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун же пайдаланууга аракет кылуунун натыйжасында же ага байланыштуу пайда болгон ар кандай жаракаттар, өлүм, бурмалоо, зыян же кемчилик менен байланыштуу (түз же кыйыр) ар кандай жоготуулар, зыян, чыгашалар же дооматтар үчүн эч кимдин алдында жоопкерчилик тартпайт.