🗓
2021-жылдын 29-июнунан 2021-жылдын 29-октябрына чейин
🗓
2021-жылдын 29-июнунан 2021-жылдын 29-октябрына чейин
💳
Visa-картасына 50$ дан баштап эң чоң сандагы которууларды алыңыз
💻
Гаджеттерди утуп алыңыз!
Баш байге – ноутбук
39 байгелердин бири сиздики болушу мүмкүн!
Барыңыздарга ийгиликтерди каалайм!
2021-жылдын 29-июнунан 2021-жылдын 29-октябрына чейин 50$ дан баштап эң көп сандагы которууларды алыңыз жана белектерди утуңуз! Акцияга 12 банк-партнерлор катышат.
Visa менен сиз дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна өзүнүздүн мобилдүү банкыңыз аркылуу коопсуз, ыңгайлуу жана тез арада акча которуууларды ала аласыз же акча которо аласыз.
Visaнын жардамы менен Сиздин мобилдүү банкыңыз аркылуу которулган акча каражаттары бир нече секундда эле жеткиликтүү болот – түнү деле, дем алыш күндөрү деле.
Visa менен Сиздин мобилдүү банкыңыз аркылуу картанын номуру боюнча которууларды аткарууда Сиз которуулардын тактыгына толук ишене аласыз.
Visa картасына 200 өлкөгө жана Сиздин мобилдик банкыңыздагы жеткиликтүү валюта аркылуу дүйнөнүн башка аймактарына комиссиясы жок же 1% комиссия менен акчаны жөнөтө аласыз же которууну ала аласыз.
«Картадан картага» акчаны тез арада которууну жеткиликтүү мобилдик тиркемедеги же Сиздин банктын интернет-банкынын сервистеринин жардамы аркылуу жүргүзүүгө болот, ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу да жүргүзүүгө болот. Которуу сервистерин пайдалана билүү эле жетиштүү, алуучунун Visa картасынын номурун киргизип операцияны ырастап коюу керек.
Visa картасына тез которуу — бул, кызмат көрсөтүүлөрдү оңой жана тез төлөө, насыяларды жабуу жана кайсы жерде болсо да Visa картасынын ээсине акча которуу сервиси. Акча которуу үчүн алуучунун Visa картасынын 16 белгилүү номурун билүү жетиштүү. Сиз акчаны банкомат аркылуу, банктын кеңсесинен, мобилдик телефондун жардамы менен же интернет аркылуу жөнөтө аласыз.
Visa картасын тез которуулар КМШ өлкөлөрүн кошкондо көпчүлүк өлкөлөрдө жеткиликтүү, ошондой эле Европа жана Азия өлкөлөрүндө да. Сиз алардын каалаган жагына интернет-банк же мобилдик тиркеме аркылуу которо аласыз. Которуу үчүн алуучунун картасынын номуру керек болот, ошондой эле анын аты жөнү.
Чет өлкөлөргө комиссиянын көлөмү жана акча каражаттарын которуу боюнча чектөө банк аркылуу бекитилет. Сураныч, өзүңүздүн банктын адистеринен маалыматтарды тактап алыңыз.
Visa картасына тез которуулар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жеткиликтүү. Кыргызстанга Сиз башка өлкөлөрдө туруп которо аласыз*.
* Чектөөлөр бар. Сураныч, өзүңүздүн банктан маалыматтарды тактап алыңыз.
Эгер Сиздин банк тез которуулар кызматын көрсөтсө, карта кайсы банк тарабынан чыгарылган болбосун Сиз башка Visa картасынын ээсине которо аласыз.
Балким, Сиздин банк бул кызмат көрсөтүүнү колдонбойт же сайтка тиешелүү өзгөртүулөрдү киргизүүгө жетишпей жатат. Сиз акчаны өзүңүздүн Visa картаңыздан ушул кызмат көрсөтүүнү пайдаланган каалаган банкка жөнөтө аласыз.
Комиссиянын өлчөмү ар бир конкреттүу учурларда которуу кызматын көрсөтүп жаткан банк бекитет. Комиссия боюнча толук маалыматты Сиз өзүңүздүн банктан биле аласыз.
Бул боюнча маалыматтарды Сиздин банктын сайтынан карай аласыз.
Сиздин картадан сумманын эсептен чыгарылып кетишинен мурда, Сизден которуунун туура экендигин ырастап берүүңуздү суранат. Эсептен чыгарып кетүү Сиздин ырастооңуз болмоюнча аткарылбайт.
Акчанын жолдо жоголуп кетиши нөлгө барабар. Которуунун статусун аныктоо үчүн Сизге кызмат көрсөтүп жаткан операторго кайрылыңыз (бул банк же соода түйүнү болушу мүмкүн).
Акча которуу үчүн алуучунун Visa картасынын 16 сандуу номурун гана билүү керек.
Visa картасын алуу үчүн ким экендигиңизди тастыктаган документиңизди алып, банктын каалаган бөлүмүнө барып, тиешелүү арыздарды толтуруу керек. 10-12 күндөн кийин Сиз ошол эле бөлүмдөн картаңызды ала аласыз. Андан кийин кошумча сервистерди тариздөөгө болот, мисалы, SMS-билдирүүлөр жана эсеп боюнча маалыматтарды интернет аркылуу билүү.
Өлкө ичинде акча которуу жергиликтүү валютада жүргүзүлөт. Акчаны башка өлкөдө чыгарылган Visa картасына которууда, ал сумма автоматтык түрдө которуу жүргүзүлгөн картанын валютасында эсепке түшөт.
Сервисти пайдалануунун шарттарында транзакция 30 мүнөттөн ашпаган убакты алат деп көрсөтүлгөн, бирок, көпчүлүк учурларда акча бир нече секунда ичинде эле түшүп калат. Кээ бир банктар гана тез которуу технологиясын карманышпайт, аларда акча которуу 2 күнгө чейин созулуп кетет.
Visa Сиздин картаңыздагы бардык операцияларды ишенимдүү коргоосун алдамчылык тобокелдигин болтурбоо үчүн берилип турган маалыматтарды туруктуу байкоону жана шифрлөөнү жүргүзүү менен камсыздайт. Акча которуу үчүн Сиздин картаны уруксатсыз пайдалануунун тобокелдиги милдеттүү PINди (в ATM, POS) жана VbV купуя белгини киргизүү жолу аркылуу жоюлат (интернетте жана мобилдикте).
Сиздин Visa картаңыздын номурун Visa картасына тез акча которуу үчүн башка адамдарга берүү толук түрдө коопсуз. Бирок, картаныздын башка дайындарын, мисалы, ПИН-код жана CVV/CVC2 эч качан эч кимге эч кандай шарттарды бербеңиз, себеби, бул дайындар Сиздин жеке эсепке жеткиликтүүлүктү жана акча которууга же алууга мүмкүндүк берет.
Эч качан эч кимге Сиздин Visa картаңыздын PIN-код жана CVV/CVC2 бербеңиз, себеби, бул дайындар Сиздин жеке эсепке жеткиликтүүлүктү жана акча которууга же алууга мүмкүндүк берет.
Эгер Сиз 16 сандуу номурду терип жатып кокустан ката кетирип алган болсоңуз, акча которулбайт, себеби, мындай номурлуу карта жок. Ар бир картанын номуру катаны ачыктагынга жардам берүүчү кошумча санды камтыйт.
Эгер Сиз акчаны Visa картасы менен которуп жатсаңыз Сиз сумма эсептен чыгарылып кеткенге чейин PIN-кодду киргизишиңиз керек. Интернет-банк менен которуу учурунда Сизге VbV купуя белгисин же интернет-банктын логинин жана купуя белгисин киргизүү керек болот.